Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда кармалган жарандар мекенине кайтарылды

Кыска кабар | 15 Мар 2021 | 469 | 0

Тажикстанда кармалып турган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды.

Буга чейин Тажикстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө айыпталып, кошуна өлкөнүн мамлекеттик органдары тарабынан кармалган Баткен облусунун беш жараны, Ош облусунун эки тургуну 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды. Ошондой эле 26-февралда Бишкек шаарынын эки тургуну бошотулган. Жарандардын мал-мүлкү, унаалары толугу менен өздөрүнө берилди.

Кыргызстандын бул жарандарына Тажикстандын мыйзамы боюнча айып салынып, сот залынан бошотулду.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 23-февралында Тажикстандын аймагынан кармалган Лейлек районунун үч тургуну Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзоданын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында кайтарылган. Анткени алар Тажикстандын аймагынан эмес, мамлекеттик чек ара сызыгынан кармалганы үчүн эскертүү гана берилген.

Учурда облустун чек аралаш аймактарында чек арадан өтүү эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Тийиштүү жерлерге атайын белгилер орнотулган.

Баткен жана Согди облустарынын чектеш аймактарында орун алган бул маселелерди чечүү боюнча эртең 16-мартта эки облустун жетекчилери Өмүрбек Суваналиев менен Ражоббой Ахмадзода жолугушуп, пандемиядан улам жабылган Лейлек районундагы «Кулунду» жана «Кайрагач» өткөрмө бекетин ачуу маселесин да карашат.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча айыпталып, Тажикстандын 15 жараны эки айга камака алынган. Алар да Кыргызстандын мыйзамы боюнча жооп берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM