Бишкек шаарында кайрадан азык-түлүк жарманкеси уюштурулду.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, кезектеги жарманке 2021-жылдын 13-14-март күндөрүндө өтөт. Белгилей кетсек, бул жарманкеде өткөн жумага салыштырмалуу айрым азыктардын баасы түшсө, айрымдары көтөрүлгөн.
Жарманкелер өтүүчү даректер:
1. Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайон, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Биринчи май райондук администрациясы, И. Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
3. Свердлов райондук администрациясы, Т. Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде (Чыгыш-5 кичи району, Набережная).
Алдыдагы жарманкедеги азык-түлүктүн баалары:
- Уй эти – 390-405 сом
- Жылкы эти — 380-390 сом
- Кой эти – 400-405 сом
- Тоок эти – 200-210 сом
- Суу май — 130-132 сом
- Жумуртка 10 даана – 75-85 сом
- Үй жумурткасы 10 даана — 90-95 сом
- Кумшекер — 56 сом
- Күрүч — 55-60 сом
- Алма — 30-60 сом
- Сабиз – 10-15 сом
- Картөшкө — 22-27 сом
- Пияз — 14-16 сом.
Сүт жана сүт азыктары, ун жана ундан бышырылган азык-түлүк базар баасына салыштырмалуу 10-15% арзан болору айтылган.
Жал районунун тургуну
13.03.2021 23:45
Ленин районуна да ушундай жарменке керек.Жал кичи районундагы илгертен болчу жарменке,жарменке эмес,бут продуктыларды абдан кымбат баада сатышат.Мисалы; жумуртка 10-11 сомго чейин,картошка 32-35 сомго чейин,сабиз 24-28 сомго чейин сатылат,башка продуктыларга соз жок,баасы асмандайт.