Биз менен байланышыңыз

Армения оппозициясы Пашинян менен жолугушуудан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 445 | 0

Арменияда оппозициялык «Мекенди куткаруу» кыймылы премьер-министр Никол Пашинян менен жолугушуудан баш тартты. Жолугушуу президент Армен Саркисяндын демилгеси менен уюштурулган болчу.

«Биз күн тартибиндеги саясий макулдашууларга даярбыз: Пашиняндын кызматтан кетиши, убактылуу өкмөттү түзүү жана кезексиз парламенттик шайлоо. Жолугушуулар парламентте өткөрүлүп, алар ачык жана түз эфирде көрсөтүлүшү керек», — деди кыймылдын өкүлү.

Буга чейин «Жаркын Армения» оппозициялык партиясынын лидери Эдмон Марукян Пашинянга мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча «келишим» түзүүнү сунуш кылган.

25-февралда Армениянын армиясы премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган. Буга Армениянын президенти Армен Саркисяндын Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Тиран Хачатрянды кызматтан алганы себеп болгон.

Пашиняндын рейтинги былтыр күздө Тоолуу Карабахта Баку менен ок атышпоо келишимине кол коюлгандан кийин төмөндөгөн. Келишимге ылайык, Ереван Келбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Андан соң Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.

Армения оппозициясы 4 айдан бери Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып келет. Өкмөт башчы Тоолуу Карабахтагы жаңжалдан кийин 2020-жылы 10-ноябрда Азербайжан менен түзүлгөн тынчтык келишиминен улам, элди сатып кетти деп айыпталган.

Документтин шарттарына ылайык, республиканын аймактарынын бир бөлүгү Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Пашинян өзү келишимге кол коёрдо «эч кандай мүмкүнчүлүк жок болчу, анткени ага каршы кандуу согуш карапайым калк арасында оор жоготууларга алып келиши мүмкүн» деп айткан. Ошондой эле Пашинян нааразычылыктарга карабастан кызматтан кетүү ниети жоктугун билдирип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM