Биз менен байланышыңыз

Инвестициялардын келүүсү 55%га кыскарып, чыгып кетүүсү 20 %га көбөйдү

Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 450 | 0

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын келүүсү 2019-жылга салыштырмалуу эки эсе кыскарды. Алдын ала маалыматтар боюнча 2020-жылы тике инвестициянын келүүсү 2019-жылга салыштырмалуу 55,6 пайызга кыскарып, өндүрүштүн көлөмү 477,6 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Түз чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (97 пайызга жакыны) өндүрүш ишканаларына, кендерди казуу, геологиялык чалгындоо, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу, дүң жана чекене соода, ошондой эле маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган. Муну менен бирге, инвестициялардын көлөмү геологиялык чалгындоого — 5,4 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө – 5,1 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 32,2 %га, финансылык ортомчулук жана камсыздандырууга – 31,6 %га, дүң жана чекене соодага – 23,4 %га, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына — 22,9 %га төмөндөгөн.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2019-жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге кыскарды, бул негизинен, алардын Канададан — 1,7 эсеге, Улуу Британиядан — 3,6 эсеге, Кытайдан 2,9 эсеге, Швейцариядан – 2,6 эсеге, Түркиядан – 4,1 эсеге жана Нидерланддан – 26%га төмөндөшүнүн эсебинен болду.

Келип түшкөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндө эң чоң салыштырма салмак Канадага (32,5 пайызы), Кытайга (24,5 пайызы), Нидерландыга (9,5 пайызы), Швейцарияга (8,4 пайызы), Түркияга (4,8 пайызы) жана Улуу Британияга (4,3 пайызы) туура келди.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге төмөндөдү, бул Орусиядан келген инвестициялардын 2,8 эсеге, Казакстандан – 27,4 пайызга кыскарышынын эсебинен болду. Муну менен катар, Азербайжандан келип түшкөн инвестициялар 1,8 эсеге көбөйдү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу Талас облусунун ишканаларында 1227,5 эсеге көбөйдү, ал эми ушул эле убакта калган аймактарда инвестициялардын келип түшүүсү кыскарды.

Өткөн жылда тике чет өлкөлүк инвестициялар Ысык-Көл облусунун ишканаларына – 32 %га жакын, Бишкек шаарынын ишканаларына – 27%, Чүй облусунун ишканаларына – 19 %дан ашык, ошондой эле Жалал-Абад облусунун ишканаларына – 13 %дан ашык келип түшкөн.

2020-жылы 2019-жылга салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 20,1 %га көбөйүп, 808,1 млн долларды түздү. Муну менен бирге, чыгып кетүү агымы келип түшүү агымынын деңгээлинен 330,5 млн доллардан ашты.

Copyright © 2017 Maral FM