Биз менен байланышыңыз

Чехиянын улуттук авиакомпаниясы банкрот деп табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 378 | 0

Прага соту Чехиянын «Czech Airlines» улуттук авиакомпаниясын банкрот деп жарыялады. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Буга чейин 26-февралда мындай өтүнүч менен коронавирус пандемиясынан улам абалы оорлошуп кеткен авиакомпания сотко өзү кайрылган.

Маалыматка караганда, Прагадагы «Smartwings» тобунун бир бөлүмү эсептелген «Czech Airlines» авиакомпаниясынын карызы 80 миллион долларга (1,8 миллиард чех кронуна) жеткен.

Бүгүнкү күнгө чейин каттамдарды аткарып жаткан компания февралдын аягында каржы кудуретсиздиги тууралуу мыйзамга ылайык, кайрадан түзүлүү сунушу менен сотко кайрылган. Банкрот деп жарыялоо процесси аркылуу чех авиакомпаниясы кайрадан түзүлүүнү жана андан ары ишин улантууну пландаган. Авиакомпаниянын башкаруучулары бул абалдан чыгуунун гана айласы экендигин, болбосо, компанияны жоюу 100 жылдык тарыхы бар бренддин жоголушуна алып келерин, анын кесепетинен кредиторлордун бардык карыздарын төлөй албай каларын белгилейт.

«Czech Airlines» каржылык каатчылыктын себеби катары пандемиядагы чектөөлөрдү атаган. Авиакомпания чет өлкөлүк атаандаштарынан айырмаланып, эч качан өкмөттөн жардам албаганына даттанып, пандемиядан улам жүздөгөн кызматкерин жумуштан кетирүүгө аргасыз болгонун билдирген. «Czech Airlines» компаниясынын өткөн жылдагы чыгашасы 69 миллион еврону түзүп, билет сатуу 2019-жылга салыштырмалуу 20%га азайган.

Маанилүү каттамдар катары авиакомпания Праганы Киев, Москва, Париж, Амстердам менен байланыштырган каттамдарды атаган. «Czech Airlines» биринчи кезекте айрыкча ушулар менен каттамдарды сактап калууга үмүттөнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM