Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев каза болду

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 380 | 0

Кыргызстандын маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. 9-мартта 81 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев узакка созулган оорудан улам каза болду.

Нурдамир Конгурбаев 1940-жылы 5-мартта Фрунзе шаарында туулган. 1962-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1971-жылы Ленинград шаарындагы И. Е. Репин атындагы Искусство академиясынын Сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. 1971-1985-жылдары Фрунзедеги С. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын мугалими, директору болуп иштеген.

1976-жылдан тартып СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кийин Кыргыз Республикасынын Жаш сүрөтчүлөр ассоциациясынын төрагасы, 1986-1990-жылдары Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Өзүнүн эмгек жолунда жана чыгармачыл ишмердүүлүгүндө ал республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн активдүү катышуучусу болгон. Чыгармачылык сапарлар менен СССРдин бардык өлкөлөрүндө, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө — АКШда, Францияда, Англияда, Германияда, Чехословакияда, Польшада жана башка мамлекеттерде болгон.

Залкар сүрөтчү Н. Конгурбаев көркөм сүрөт көргөзмөлөрүнүн бир нече жолку дипломанты жана лауреаты болуп, «Хабитат» сынагынын жыйынтыгы боюнча ПРООНдун биринчи жана экинчи сыйлыктарын алган. 2002-жылы Кыргызстандын живопись жаатындагы жылдын мыкты иши үчүн Г. Айтиев атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.

Н. А. Конгурбаевдин эмгектери Эрмитажда, Третьяков галереясында, Чыгыш музейинде жана Москвадагы Көргөзмөлөр дирекциясында, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, Алматы шаарынын А. Кастеев атындагы Казак мамлекеттик искусство музейинде, ошондой эле өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдөгү жеке коллекцияларда сакталуу.

Көп жылдар бою маданият жаатындагы үзүрлүү ишмердүүлүгү жана өлкөнүн көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1991-жылы Нурдамир Конгурбаев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү деген наамдарды алган.

Кыргызстандын көркөм сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон таланттуу инсан, эл сүрөтчүсү Конгурбаев Нурдамир Ашимовичтин жаркын элеси замандаштарынын эсинде түбөлүккө сакталып кала берет.

«Марал» радиосунун жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM