Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 574 | 0
Сүрөттө мурунку президент Сооронбай Жээнбеков жана Эркин Тентишев

Эркин Тентишев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү кызматын буга чейин Мирбек Мияров аркалаган. Ал 2020-жылдын 14-октябрында дайындалган эле.

Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Мирбек Мияров «Ордо» саясий партиясын баштап барган. Жокко чыгарылган шайлоонун алдын ала жыйынтыктарында партия 0.22% добуш алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM