Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров түрк министри менен кызматташууну талкуулады

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 470 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды.

Анда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелерине быйыл отуз жыл толорун айтып, акыркы айларда эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин белгиледи.

Жапаров өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкер мамилелерди өнүктүрүү тууралуу айтты.

Мындан тышкары, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйба бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк тарап Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө кызыкдар экендигин айтты. Өзгөчө соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көңүл бурарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM