Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Жаңы Конституция жакпай калса, кайра өзгөртөбүз (видео)

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 717 | 0

Депутат Бакыт Төрөбаев Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарууну тездетүүнү сунуштап, эгер ал иштебесе, жарым жылдан кийин кайра өзгөртөбүз деген пикирин айтты.

Ал парламенттин 10-марттагы жыйынында сөз сүйлөп жатып, кесиптештерин жаңы Конституцияга каршы тура бербей, президенттик башкаруу фомасын тандаган элди сыйлоого чакырды.

«Президенттик башкарууну тандаган 80 пайыз элди сыйлайлы да, же тура беребизби ушинтип? Эгерде туура эмес болсо, алты ай же бир жылдан кийин ошол Конституцияны кайра өзгөртөбүз. Эгер туура эмес иштесе, мына биз каршы чыгабыз», — деди депутат.


Жанар Акаев менен Бакыт Төрөбаев айтыша кетти


Бакыт Төрөбаев Башмыйзамдын жаңы долбоору парламенттин жалпы сессиясында каралып жатканда, жыйынга президент Садыр Жапаровду, Башкы прокурор Курманкул Зулушевди, Жогорку Соттун төрагасын да чакырууну сунуштады.

«Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM