Биз менен байланышыңыз

Бүгүн коронавирус Бишкек менен Чүйдө көп катталды

Кыска кабар | 10 Мар 2021 | 892 | 0

Бүгүн, 10-мартка карата Кыргызстанда 34 адам коронавирус менен катталды. Анын 24ү Бишкекте, 10у Чүй облусунда аныкталды.

Муну менен өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 86 миң 640ка жетти.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен Ош шаарында бир адам каза болду, жалпы өлүм учурлары 1476ны түздү.

Бир сутка ичинде коронавирустан дарыланып жаткан 60 бейтап айыкты. Пандемия башталгандан бери 83 миң 666 бейтап ооруну жеңди.

10-мартка карата ооруканаларда 294 бейтап дарыланып жатат, анын ичинен 11 адам өтө оор абалда, 82 адам оор абалда, 199 бейтап орто оордукта, 3 адамдын абалы канааттандыраарлык. Үй шартында 261 бейтап дарыланып жатат.

Бир сутка ичинде медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар катталган жок. Былтыр пандемия башталгандан бери 4206 медик вирус жуктуруп алган, анын 4195и сакайган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM