Биз менен байланышыңыз

Бүгүн борбор калаанын айрым конуштарында таза суу өчүрүлөт

Кыска кабар | 9 Мар 2021 | 643 | 0

Бүгүн, 9-мартта борбор калаанын 3 конушунда таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, «Энесай» суу кампасындагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 15:00гө чейин «Энесай», «Дордой-1» жана «Дордой-2» конуштарында суу өчүрүлөт, ошондой эле:

  • №21 муниципалдык аймактык башкарууда;
  • №2, 2а, 4 бала бакчаларында;
  • №9 үй-бүлөлүк медицина борборунда;
  • №20 китепканада;
  • №6, №7 милиция бөлүмдөрүндө;
  • «КУТ Монтаж Строй» ЖЧКсында
  • «Ак-Илбирс» компаниясында;
  • «Бегимай-Дордой» жеке бала бакчасында;
  • Свердлов райондук коомдук-профилактикалык борборунда;
  • «Дордой» №32в базарында таза суу болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM