Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан экономикалык эркиндик деңгээли боюнча 78-орунду ээледи

Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 924 | 0

«Heritage Foundation» тарабынан түзүлгөн Экономикалык эркиндик деңгээли боюнча Кыргызстан 2021-жылы 78-орунду ээледи. Өлкөнүн индекси 63,7 баллды түздү. Рейтингдин маалыматына ылайык, бул индекс орточо деңгээлдеги экономикалык эркиндикти көрсөтөт.

Рейтинг жыл сайын өлкөлөрдүн экономикалык жана соода эркиндигинин деңгээлин, инвестицияларга ачыктыгын, коррупциялык факторлорду жана башкаларды эске алуу менен 10 негизги категория боюнча эсептөөлөрдү жүргүзөт.

Былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы көрсөткүч «каржылык абалды жакшыртуунун эсебинен» 0,8 баллга өстү.

Кыргызстан ошондой эле Азия-Тынч океан аймагынын 40 өлкөсүнүн ичинен 13-орунда турат жана өлкөнүн жалпы упайы аймактык жана глобалдык орточо көрсөткүчтөрдөн жогору.

Кыргызстандын экономикасы бешинчи жыл катары менен орточо эркин өлкөлөрдүн катарына кирди. Экономикалык эркиндикке жетүү үчүн, коррупция менен күрөштө өкмөт чечкиндүү иш алып барышы керек. Ошондой эле менчик укугун коргоону күчөтүү, сот органынын көз карандысыздыгын жогорулатуу жана мамлекеттик ашыкча чыгымдарды кыскартуу үчүн терең структуралык реформалар керек.

Индекс боюнча Казакстан 34-орунду ээлейт жана экономиканын эркин деңгээлин көрсөтөт. Тажикстан 134-орунда болсо, Түркмөнстан 167-орунда. Ал эми Орусия дүнө жүзү боюнча 92-орунду, Беларуссия 95-орунду, Армения 32-орунду ээледи.

Рейтингде экинчи жыл катары менен биринчи орунду 89,7 балл көрсөткүчү менен Сингапур ээледи. Жаңы Зеландия менен Австралия алдыңкы үчтүкө кирди. Акыркы саптарды болсо Куба, Венесуэла жана Түндүк Корея ээледи.

Copyright © 2017 Maral FM