Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы аялдар боюнча статистика

Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 533 | 0
2021-жыл башына карата Кыргызстанда аялдардын саны 3,3 миллион адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдардын саны эркектердин санына салыштырмалуу 50,4 пайыз көбүрөөк.

«Республиканын аялдарынын үчтөн экиси 64 пайызы айыл тургундары болуп келет. Муну менен бирге, ар бир бешинчи аял Жалал-Абад же Ош облустарында, ал эми ар бир алтынчы аял — Бишкек шаарында жашайт. Ошол эле учурда төрөлүү жогору болгон аймактарда — Ош жана Жалал-Абад облустарында эркектердин саны, тескерисинче, аялдардын санынан ашып түшөт», — деп жазылат маалыматта.

Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш)  эркектердикине караганда (27 жаш) бир аз жогору. Бирок биздин аялдар эркектерге караганда узагыраак жашайт. Төрөлгөндөн кийин болжолдуу жашоо узактыгы көрсөткүчү боюнча 2019-жылы аялдардын курагы 76 жашты түзгөн болсо, эркектердики 68 жаш, деп белгиленген. Азыркы тапта 60 жаштагы аялдар орточо эсеп менен дагы 20 жыл, ал эми эркектер дагы 14 жыл өмүр сүрөт, деген прогноз бар. Өмүр узактыгында да айырмачылыктар бар: эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,5-1,6 эсе жогору экени аныкталды.

Калктын курамында жаштардын саны артыкчылык кылгандыктан Кыргызстанда никеге туруу көрсөткүчү жогору. 2020-жылы никеге турган аялдардын саны 40 миңди түзгөн, алардын ичинен 94 пайызы — биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 18-25 жашында үй-бүлө түзүүгө ниеттенишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM