Биз менен байланышыңыз

9-мартка чейин Кыргызстанда аба ырайы

Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 662 | 0

Кыргызгидромет борбору 6-марттан 9-мартка чейин өлкөдө күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

7-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын болбойт.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-7-8-9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, ЖалалАбад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта күндүз жана 8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-7-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта түнкүсүн бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

8-мартта күндүз жана 9-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тайгак болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM