Биз менен байланышыңыз

Борбор Азиядагы коронавирус боюнча көрсөткүч

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Мар 2021 | 330 | 0

Кыргызстанда 5-мартка карата 41 адамдан коронавирус аныкталып, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда 359 бейтап, амбулатордук түрдө 259 бейтап дарыланууда.

Өлкө боюнча акыркы суткада 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Муну менен илдет жугузган медкызматкерлердин саны 4 миң 206га жетип, анын ичинен 4 миң 194ү айыгып, 12си каза тапкан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 451 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 424ү сакайып, 1 миң 470 бейтап каза тапкан.

Өзбекстанда акыркы суткада дагы 46 адам коронавирус менен катталды. Муну менен пандемия башталгандан бери Өзбекстанда жалпы 80 миң 81 адамдан коронавирус тастыкталган.

Коронавирус жуктурган жарандардын ичинен 78 миң 722 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Соңку суткада 135 адам айыккан.

Бүгүнкү күндө Өзбекстандагы ооруканаларда 737 адам коронавирустан дарыланып жатат. Алардын ичинен 146 адам оор, 27 бейтап өтө оор абалда.

Акыркы сутка ичинде Казакстандын аймагында 857 адамдан коронавирус тастыкталган. Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 216 миң 467 адамга коронавирус жукту.

Казакстанда дагы 840 адам COVID-19 илдетинен сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта республикалык ыкчам штаб билдирди.

Муну менен Казакстанда жалпы 200 миң 440 адам коронавирус менен пневмониядан дарыланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM