Биз менен байланышыңыз

Парламент референдум боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 481 | 0

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум дайындоо жөнүндө» мыйзам биринчи окууда кабыл алынды.

Жыйынга катышкан 96 депутаттын 87си долбоорду колдоп, 9у каршы добуш берди. Парламентте Башмыйзамдын долбоорун талкуулоо талаш-тартыш менен өттү. Айрым эл өкүлдөрү аны кабыл алуу азыркы мыйзамдарга каршы келерин айтса, айрымдары жаңы долбоордун автору деп айтылган 80ден ашуун депутаттын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты.

Документ экинчи жана үчүнчү окуудан да колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат.

Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.

Copyright © 2017 Maral FM