Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште «Референдумду дайындоо жөнүндө» мыйзам каралып жатат

Кыска кабар | 3 Мар 2021 | 490 | 0

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңеш Башмыйзамдын жаңы долбоорун жана «Референдумду дайындоо жөнүндө» мыйзамды жалпы отурумда кароодо.

Кечээ, 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети талкуулап, жактырган. Эми Жогорку Кеңеш бүгүн үч окуудан тең колдосо, референдум быйыл апрелге дайындалат.

Азыркы учурда кээ бир эл өкүлдөрү Конституциянын долбоорунун автору жазылбаганын билдирип, аны так көрсөтүүнү талап кылышууда. Алар мунун себебин Башмыйзамды кабыл алгандан ал боюнча кийин жоопкерчилик бирөөгө жүктөлүшү керектиги менен түшүндүрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM