8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн атынан өлкө аялдарына 60 манаттан бөлүп берет. Бул тууралуу «Түркмөнстан бүгүн» басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, түркмөндөрдүн 60 манаты 2 долларга туура келет.
Өткөн жылы да аялдарга 60 манаттан таркатылган, ал учурда бул сумма 3 долларга туура келген.