Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 43 адамдан илдет табылды, 66 бейтап айыкты

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 468 | 0

27-февралга карата 43 адам коронавируска чалдыкканы аныкталды. Муну менен пандемия башталгандан бери илдет жугузгандардын саны  86 миң 185ке жетти.

Ошол эле учурда каза тапкандар катталган жок. Жалпысынан бул тумоодон 1 миң 463 бейтап көз жумган.

Бир суткада 66 адам айыгып чыкты. Муну менен коронавирусту жеңип чыккандар 83 127 адамга жетти.

Учурда стационарларда 371 бейтап, үй шартында 285 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды.Үй карантининен 4 медик чыгарылды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 205 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 176 медкызматкер айыгып чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM