Биз менен байланышыңыз

Президенттикке талапкерлер Фейсбуктагы жарнамага канча акча жумшаган?

Кыска кабар | 26 Фев 2021 | 398 | 0

Быйыл 10-январда президенттик шайлоого ат салышкан 13 талапкер Facebook социалдык тармагына 300дөн ашык жарнамалык ролик жайгаштырган. Мындай маалыматты «Жалпы иш» коомдук фонду таратты.

Фонд 2020-жылдын 17-декабрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки мезгилде талапкерлердин Фейсбуктагы публикацияларына байкоо жүргүзгөн. Негизги маалыматтар Фейсбуктун рекламалык борборунан алынган. Бул баарына жеткиликтүү.

Талапкердин аты-жөнү Посттун же публикациянын саны Кеткен каражат
1 Элдар Абакиров 74 947 доллар
2 Курсан Асанов 68 1802 доллар
3 Аймен Касенов 52 1935 доллар
4 Бабур Төлбаев 38 2172 доллар
5 Абдил Сегизбаев 24 313 доллар
6 Улукбек Кочкоров 16 903 доллар
7 Бактыбек Калмаматов 11 658 доллар
8 Канатбек Исаев 10 350 доллар
9 Жеңишбек Байгуттиев 7 100 доллар
10 Равшан Жээнбеков 6 100 доллар
11 Адахан Мадумаров 1 100 доллар
12 Каныбек Иманалиев 1 100 доллар
13 Арстанбек Мыктыбек 1 100 доллар

 

«Жалпы иш» коомдук фондунун маалыматына караганда, Facebookтагы жарнама үчүн коротулган акча Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетунда белгиленген эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM