Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекке 1 млн 300дон ашык гүл отургузулат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2021 | 709 | 0

Быйыл Бишкекке 1 млн 300дөн ашык гүл отургузулат. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Айгүл Наватова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекке гүлдүн 38 түрү отургузулууда. Алардын уруктары чет өлкөлөрдөн: мисалы, Чехия, Голландия, Америка жана башка мамлекеттерден алынып келинет.

«Уруктар өзүбүздүн күнөсканада жетилет. Гүл ача баштаганда, шаарга отургузулат. Бишкекке гүл отургузууга 1 млн сомго жакын каражат сарпталат. Негизинен гүлдү көзгө көрүнөр жерге отургузуп жатабыз. Айрыкча көп жылдык бадалга басым жасалууда», — дейт Наватова.

Айта кетсек, мурдагы жылдары калаага 2 миллионго жакын гүл отургузулуп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM