Биз менен байланышыңыз

«Быйыл Бишкекте миңден ашык бак кыйылары айтылууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2021 | 760 | 0

Быйыл Бишкектин көчөлөрүн оңдоо иштерине байланыштуу миңден ашык бак кыйылары айтылууда. Бул тууралуу «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Айгүл Наватова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жол салуу иштеринде бак-дарак көп кыйылып кетүүдө. Калаада жылына 400-700дүн тегерегинде бак кыйылат. Бирок «Бишкек жашыл чарба» бакты азыраак кыйдыруу аракетин көрүп жатат.

«Жол куруучуларга «ордуна мүмкүн болушунча чоң бактарды отургузуп бересиңер» деген талаптарды коюп жатабыз», — дейт Наватова.

Эл аралык нормага ылайык, ири шаарларда бир кишиге 25 чарчы метрден кем эмес жашыл зона туура келиши керек. Ал эми Бишкекте бир кишиге 11 чарчы метр жашыл зона туура келет.

«Демек, стандартка жете элекпиз, бак тигүү зарыл. Бул ишти тиешелүү мекемелер эле эмес, баары жапатырмак колго алышы керек. Кыйылган бактын дүмүрлөрү чоң көйгөй жаратып келген. Учурда аларды алып жатабыз. 400гө жакын дүмүр чыгардык. Анын ордуна 5-7 жылдык бак отургузууга аракет кылып жатабыз», — дейт Наватова.

Ал мындан сырткары булганган аба менен күрөшүүнүн бирден-бир жолу бак тигүү экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM