Connect with us

Айылдарды дотациядан чыгаруу — каржылык децентрализация

Коом , Экономика | 25 Фев 2021 | 1690 | 0

Бүгүн, 25-февралда Бишкек шаарында айыл аймак башчыларынын катышуусунда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзунун кеңешмеси болуп өттү. Анда айылдарды өнүктүрүү маселери талкууланды.

Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын жылдык бюджети 2016-жылы 6 млн сомго жакын сумманы түзгөн. Анын 4 млн 300 миңи республикалык казынадан бөлүнсө, 1 млн 600 миңи жергиликтүү салыктардан чогулган. Айыл аймактын башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтымында, Каржы министрлигинин ошол кездеги жетекчилиги жергиликтүү кирешенин көлөмүн көтөрүүгө чакырган. Ошол эле учурда бюджеттен бөлүнө турган теңдештирүүчү гранттардын көлөмүн азайтпай турганын, муну менен айылдык бюджет бир топ кеңейерин билдирген. Мындан улам кирешени көтөрүү максатында айылдык кеңештин, элдин макулдугу менен жер салыгын жана башка салыктардын көлөмүн жогорулатып, жергиликтүү кирешени 2 млн 900 миң сомго чейин көбөйтө алган.

«Бирок Каржы министрлиги сөзүнө турбай, теңдештирүүчү гранттарды жылдан жылга кыскартып отуруп, бир миллион сомго чукул азайтып салды. 2020-жылга 3 млн 400 миң сом алдык. Жергиликтүү кирешебиз 2 млн 600 миң сом болду. Жалпы 6 миллион сомдук бюджетибиз өспөй эле, ошол бойдон калып калды. Айыл инфраструктурасын өнүктүрүүгө, жолдорго шагыл төгүп, көчөлөрдү жарыктандырууга эч мүмкүнчүлүгүбүз жетпеди. Акчабыз мектеп, бала бакчалардын коммуналдык төлөмдөрүнө, маданият кызматкерлеринин, айыл аймактын аппарат кызматкерлеринин маянасына гана эптеп жетти». 

Гүлмайрам Учугенова өлкөдөгү айылдарды дотациядан чыгаруу же каржылоо ишинде баарына бирдей кароо туура эмес деп эсептейт. Ал айылдардын өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан деңгээлдерине карап акча бөлүү зарыл деген ойдо.

«Кыргызстанда айылдардын өнүгүү деңгээли ар түрдүү. Бирок, ага карабай, бай айылбы, жакыр айылбы, калкынын санына карап, бирдей акча бөлө берет. Ушу мезгилде да бай айыл аймактар да теңдештирүүчү гранттарды алып келет». 

Ушундай эле айылдардын бири — Лейлек районундагы Маргун айыл аймагы. Алардын керектөөсүнүн дээрлик 70%дан ашууну республикалык бюджеттен каржыланат. Айыл аймактын башчысы Медербек Баетов аймактын жашоо шарты оор, сугат суу маселеси курч экенин айтат.

«Биздин айыл аймак 70% дотацияда. Айыл дотациядан чыгып кетиши үчүн сугат жерлер көп болушу керек. Айылда сугат суу жоктугунан 7 миң гектар айдоо аянты кайрак жер катары иштетилет. Райондогу Козу-Баглан дарыясынын башына «Лейлек» суу сактагычы курулары көптөн бери айтылып келет. Эгер мамлекет тарабынан сууну алып келүү долбоору ишке ашырылса, айылдагы 7 миң гектар эгин талаасы сугат жерге айланат. Муну менен эл иш менен камсыз болуп, каржы өңдүү маселелер жеринде чечилмек». 

Кыргызстанда жалпы 453 айыл аймак бар. Анын дээрлик 83 пайызы өзүн-өзү каржылай албайт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын союзунун директору Бектурган Орозбаев каржылык децентрализация токтоп калганын айтат. Ал каражаттын көпчүлүгү борбордо калып, айыл аймактарына аз бөлүнүп жатканын билдирди.

«Мисалы, 2019-жылы 453 айыл, 32 шаарга бюджеттин 11 пайызы гана бөлүнгөн. 90%ы республикалык бюджетке кетип калып жатат. Жалпы консолидацияланган бюджет — 185 млрд сом. Трансферттерди, гранттарды кошкондо, аймактарга 22 млрд сом бөлүнгөн. Андан трансферттерди алып салсак, 18 миллиардга түшөт. Эгер андан Бишкек менен Ошту алып койсок, калган баарынын бюджети 9 жарым эле млрд сомду түзүп жатат. Жалпы 185 млрд сомдун 5 %ызын түзөт. Анан кайдагы аймактарды өнүктүрүү? Муну жок дегенде 25%га көтөрүү керек. Бизде каржылык децентрализация токтоп калган». 

Президенттин, Өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда жергиликтүү башкаруудагы жана каржылык бөлүштүрүүдөгү карама-каршылыктар, кемчиликтер боюнча сунуштар айтылды. Белгилей кетсек, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзу 1996-жылы түзүлүп, аймактагы башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу багытында иштеп келет.

Copyright © 2017 Maral FM