Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолукту

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 971 | 0

Бүгүн, 24-февралда Президент Садыр Жапаров Москвага жасаган иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Бул тууралуу Орусиянын «Тасс» маалымат агенттиги жарыялады.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Путин өз сөзүндө Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ичинде Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр эки өлкөнүн алакасына терс таасир этпей турганына ишенимин билдирди. Ошондой эле жаңы бийлик Кыргызстандагы ички саясий кырдаалды турукташтыра аларынан үмүттөнөрүн жашырбады. Мындан тышкары Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жылуу жана жакын мамилелер гана эмес, артыкчылыктуу байланыштар түзүлгөндүгүн, Орусия Кыргызстан үчүн соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн ичинен биринчи орунда тургандыгын белгилеп өттү. Муну менен катар, Кыргызстанда орус тилинин макамын сактап калганына ыраазычылык билдирип, бул ириде Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин, анткени Орусиянын эмгек рыногунда белгилүү бир артыкчылык берилерин айтты.

Ал эми Садыр Жапаров Кыргызстан Орусия стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдай турганын айтып, пандемия менен күрөшүүдө жана саясий кризисти жөнгө салууда көрсөткөн жардамына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында да кызматташтыгы улана берерин белгиледи.

Жапаров сөзүнүн соңунда Путинди ага ылайыктуу күнү Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Жапаров ошондой эле Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен да жолугат.

Copyright © 2017 Maral FM