Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жапаровдун Орусияга иш сапары башталат

Кыска кабар | 24 Фев 2021 | 739 | 0

Бүгүн, 24-февралда Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон расмий иш сапары башталат.

Иш сапар эки күнгө белгиленген. Биринчи күнү өлкө башчылары жолугуп, эки тараптуу кызматташтык алакаларды жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулайт.

Ошондой эле Садыр Жапаров Орусия премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен да жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары Орусиянын ишкер чөйрөсү менен баарлашуусу, ошондой эле мекендештер жана Орусияда билим алган кыргызстандык студенттер менен кездешүүсү да каралган.

Белгилей кетсек, бул Садыр Жапаровдун чет мамлекетке президент катары жасаган алгачкы иш сапары болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM