Биз менен байланышыңыз

Суваналиев: «Тажикстанга 22 жаранды кармап кетти» деген маалымат жалган

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 1613 | 0

Бүгүн, 22-февралда Баткен облусунда Тажикстанда кармалган жарандардын жакындары нааразычылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучуларын Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кабыл алды.

16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандын мал базарына барып, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу кайтып келатканда, Согди облусунун Кистакуз аймагынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси менен кармалышкан. Аларга мыйзамдуу өткөрмө бекетинен өткөн эмес деген айып коюлууда.

Кармалган жарандардын жакындарынын айтымында, аталган аймактын чек арасы тактала электигинен, жарандардын маалыматы жок болуп, жол таппай адашып кирип кетишкен.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев эл менен жолугушууда бийлик органдары коңшу өлкөнүн тиешелүү кызматкерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын, укук коргоо органдары тарабынан кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтарууга аракет көрүлөрүн айтып, баары мыйзам чегинде чечиле тургандыгын билдирди.

Ошондой эле бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстанга барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн да кошумчалады.

Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келерин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан Тажикстандын аймагына өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар: Лейлек районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекети. Башка аймактан өтүү, чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет. Ошону менен бирге, чектеш аймактардагы жарандардын атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.

Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, Тажикстандын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.

Кошумчалай кетсек, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси боюнча кармалган жарандарга 220 миң сомдон 260 миң сомго чейин айып пул салынат.

Copyright © 2017 Maral FM