Биз менен байланышыңыз

Беш кыргыз жаранын Тажикстандын чек арачылары кармап кеткени айтылууда

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 710 | 0

Баткен районундагы Самаркандек айылынын тургуну Айпаша Наврузова Өкмөттүн Баткен обулусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге уулу Дөөлөтбек Орозовду жана анын эки жолдошун Кыргызстандын аймагынан Тажикстандын чек ара кызматкерлери негизсиз кармап кеткендигин айтып, жардам берүүсүн суранган.

Арызда айтылгандай, Баткен районунун үч жараны Сүйүндүк Бурханов, Саитбек Матираимов жана Дөөлөтбек Орозов Лейлек районунун Арка айылындагы базардан мал алып, кайтып келе жатканда, Кыргызстандын аймагынан тажик чек ара кызматкерлери кармап, Тажикстандын аймагына алып кирип  кетишкен.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Баткен районунан 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандын чек ара кызматкерлери тарабынан кармалганын, Баткен облусунун 22 тургуну деген маалымат калп экендигин билдирди.

«Аталган окуя боюнча маалымат бизге түшөрү менен Баткен облустук ички иштер башкармалыгына окуяны териштирүүнү тапшырдык. Учурда иликтөө жүрүп жатат» , — деди Бердикулова.

Copyright © 2017 Maral FM