Биз менен байланышыңыз

Пандемиянын кесепеттерин жоюуда Швейцария жардам берди

Кыска кабар | 19 Фев 2021 | 741 | 0
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульманн

2020-жылдын апрель айында, карантин маалында Швейцария өкмөтү «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасы аркылуу Кыргызстандагы 22 социалдык оорукананы жана интернатты азык-түлүк менен камсыздоо үчүн акчалай жардам көрсөткөн. Ошондой эле Кара-Балта шаары Бириккен Улуттар Уюмунун «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасынын алкагында иштелип чыккан COVID-19 пандемиясынан кийинки калыбына келтирүү жана өлкөдөгү экономикалык туруксуздукту колдоо максатындагы «Жумушка жана окутууга акчалай сыйлык берүү» долбооруна киргизилген. Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульманн жана «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли бөлүнгөн каражаттын кандай сарпталганын билүү максатында Кара-Балта шаарына иш сапар менен барды. 

Кара-Балта шаары акыркы мезгилде ички мигранттардын жана Тажикстандан кайтып келген этникалык кыргыздардын мекенине айланган. Калктын аялуу катмары орун алган бул шаар — Чүй облусундагы жакыр аймактардын бири катары эсептелет. Айрыкча, COVID-19 пандемиясынын кесепети шаар тургундарынын социалдык-экономикалык абалына олуттуу таасирин тийгизди. Ушул жагдай, тактап айтканда, социалдык мекемелердин жашоочулары: жетимдер, карылар, майыптарга карантиндин шарттары, эпидемиянын эпкини катуу тиери эске алынып, Швейцария өкмөтү Кыргызстанга атайын каражат бөлгөн. Ал азык-түлүккө болгон муктаждыкты канааттандырууга жана социалдык ооруканалардагы бейтаптардын дарылануусуна, интернаттардын 3100 баш калкалоочусунун жашоо-тиричилигин жакшыртууга жумшалган.

Жайыл райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери Майза Абуязидова жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульманн

«Жумушка жана окутууга акчалай сыйлык берүү» долбоорунун этабында «Калкты иш менен камсыз кылуу» программасы иштелип чыкты. Мунун негизинде Швейцария өкмөтү БУУнун «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасына 2.5 млн доллар бөлө турган болду. Бул Кыргызстандагы 80 миң жакыр үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртуу максатына жумшалат. Буга байланыштуу жумуш орундарын түзүү жана калктын каражат табуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча атайын иштер жүргүзүлүүдө.

Дал ушул программанын алгачкы жемиши катары Кара-Балта шаарындагы «Коомдук парктын инфраструктурасын жакшыртуу» долбоорун айтсак болот. Долбоорго ылайык, 43 жаран шаарды көрктөндүрүү үчүн жер тилкелерин даярдоо жана сейил бактарды таштандылардан арылтуу иштерине тартылды. Мунун негизинде ар бир катышуучу 100 доллардан акы алып турат. Бул тууралуу Жайыл районунун Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын эмгек жана жумушка орноштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, долбоорду ишке ашырууга жооптуу Майза Абуязидова билдирди.

«Биз «Универсал» муниципалдык ишканасы менен атайын келишим түзүп, анын негизинде долбоорго катышуу тартибин иштеп чыктык. Долбоордун максатына ылайык, жумушсуздар, турмушу оорлор, жетимдер, чет жактан кайтып келген мигранттар ишке тартылды. Азыр эл жумуш сурай баштады. Алар бул долбоорго абдан ыраазы болуп, мындай иш-чараларга көбүрөөк катышкылары келерин айтышууда». 

«Коомдук парктын инфраструктурасын жакшыртуу» долбоору анын катышуучуларына жакшы жардам берди. Маселен, 15 жыл мурун Тажикстандан көчүп келген 7 балалуу эне долбоордун негизинде иштеп, балдарына кийим-кече, окуу куралдарын алып бергенин айтат.

«Мен Тажикстандан 2004-жылы келгем. 7 баланын энесимин, баары кичине. Аябай ыраазымын ушул долбоорго. Бул жумуш болуп, балдарыма кышкыга кийим, мектепке керектүү буюмдарын алып бердим». 

Долбоорго катышып жаткандардын жашоо-тиричилиги дээрлик бир кылка. Тагыраагы, баары оор шартта күн өткөрүшөт. Айрыкча, жалгыз бой энелерди ишке тартууга көбүрөөк басым жасалган.

«Мен кесибим боюнча эсепчимин, бирок ал тармакта иштеген жокмун. Жеке компанияда иштеп жаткам. Былтыр карантин убагында жабылып, үйдө отуруп калдым. Азыр сонун эле болду, жумуш табылып, бизге жардамы тийди. Алгачкы жумушту бүтүрүп, акчамды төлөп беришти».  

«Кышында иш жок, үйдө эле отурам. Жалгыз бой энемин, кызым бар. Кызыма жөлөк пул алам. Анан эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынан «Жумуш бар, иштейсизби?» — деп чакырып калышты». 

Кара-Балта шаарындагы «Коомдук парктын инфраструктурасын жакшыртуу» долбоорунун катышуучулары Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли жана Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Вероник Ульманн менен

Бул долбоор былтыр август айында башталган. Ар бир иш аяктагандан кийин ишке тартылгандардын эмгек акысы кааласа, азык-түлүк түрүндө, кааласа, акчалай төлөнүп берилерин белгиледи «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли. 

«Бул долбоор биздин демилгебиз менен ишке ашты. Анткени биз коронавирус пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин көрдүк. Ошондуктан Швейцария өлкөсүнүн каржылык колдоосу менен ушул долбоорду баштаганга мүмкүнчүлүк болду. Биз 7 облустун баарында, анын ичинде 23 чакан шаарчада иш алып барабыз. «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасы азык-түлүктөн жапа чеккен адамдарга акчалай жардам көрсөтүп, тандоо эркиндигин берип, жергиликтүү базарларда суроо-талап жаратат». 

Элчи Вероник Ульманн менен программанын директору Андреа Баньоли иш-чарага катышуу учурунда

«Коомдук парктын инфраструктурасын жакшыртуу» долбоорунун алкагында Кара-Балта шаарынын борбордук паркына 200 ийне жалбырактуу, 300 жазы жалбырактуу дарак, 1000 түп бадал отургузулуп, күнөсканада 5 миң гүл көчөтү даярдалды.

Кара-Балта шаардык мэриясынын, «Универсал» муниципалдык кызматынын өкүлдөрү элчи Вероник Ульманн жана программанын директору Андреа Баньоли менен

Copyright © 2017 Maral FM