Биз менен байланышыңыз

Бир максатты көздөгөн саясий партиялардын биригүүсү

Саясат | 18 Фев 2021 | 960 | 0

Эльдар Абакиров жетектеген «Адилеттүү Кыргызстан» партиясы, Аймен Касеновдун «Асман Ала-Тоо» партиясы жана Клара Сооронкулова лидерлик кылган «Реформа» саясий партиясы Бишкек шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоодо ат салышуу үчүн бир партияга бирикти. Бүгүн анын лидерлери бир партиянын атынан катышуу үчүн чүчүкулак тартып, натыйжада «Реформа» партиясынын аты менен чыкмай болушту. «Бишкек шаардык Кеңешине шайлоого чогуу баруу жөнүндө» Меморандумга кол коюлду. Клара Сооронкулованын айтымында, прогрессивдүү күчтөрдү бириктирүү менен ири саясий атаандаштыкка туруштук берүү максаты көздөлгөн.

«Таза, прогрессивдүү адамдар бирикпесек, шайлоодо коррупционерлер, мыйзамсыз байыган олигархтар менен атаандашуу оор. Саясий күчтөрдүн биригүүсү жалпы Кыргызстандын жаштарына үлгү болот деп ишенебиз», — деди Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова буга чейин да парламенттик, жергиликтүү шайлоолордо партиялардын биригүүсү болуп келгенин, алардан айырмаланып, мында ар бир лидер жеке амбицияларын артка таштап, бир максатка бет алганын белгиледи.

Меморандумга кол койгон лидерлер республика боюнча жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолордо да бири-бирине колдоо көрсөтөрүн маалымдашты. Аймен Касеновдун айтымында, борбор калааны экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү максатында партиянын бирдиктүү программасы иштелип чыгат.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү 11-апрелге белгиленген. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Бүгүн, 18-февралга карата Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын саны 14кө жетти. Ал эми Ош шаардык кеңешине шайлоого катышууга 5 партия өтүнмө берген.

Партиялар шаардык кеңештердин шайлоосуна катышуу боюнча өтүнмөсүн 1-мартка чейин бериши керек. Бишкек жана Ош шаардык кеңеши 45 мандаттан туруп, иштөө мөөнөтү 4 жылга созулат.

Copyright © 2017 Maral FM