Биз менен байланышыңыз

«Ак-Кула» ат майданы көчүрүлбөй турган болду

Коом , Спорт | 17 Фев 2021 | 1161 | 0

Буга чейин Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жергиликтүү радиолордун бирине маек берип жатып, «Ак-Кула» ат майданын шаардын сыртына көчүрүп, ордуна футбол стадионун куруу маселеси каралып жатканын маалымдаган.

Бүгүн, 17-февралда вице-мэрдин бул маалыматына нааразы болгон ат оюндарынын ышкыбоздору жана улуттук спорт боюнча активисттер «Ак-Кула» ат майданын шаардын сыртына көчүрүүгө каршы тынчтык жыйынын өткөрүштү.

Уюштуруучу Бакай Шүкүровдун айтымында, жыйындын катышуучуларынын талабы: ипподромду эч жакка көчүрбөй, ордунда калтырып, заманбап ат майдан куруу.

— Ушул «Ак-Кула» ат майданын сактап калуу үчүн бүгүн республикалык  улуттук ат оюндары боюнча федерациялар, ассоциациялар жана ат оюндарынын күйөрмандары тынчтык жыйынын уюштурду. Себеби өткөн жумада БИРИНЧИ РАДИО аркылуу Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев ат майданды шаардын сыртына чыгарып, ал жерге футбол стадиону куруларын билдирген. Бул республика боюнча ат оюндарынын күйөрмандарын, саяпкерлерди, чабандестерди жана башкаларды түйшөлткөндүктөн, бийликке кайрылуу кылып, тынчтык жыйын өткөрүүдөбүз. Негизги максатыбыз: ат майданды эч жакка жылдырбай, ордунда калтыруу, ипподромдун чуулуу иштери көп, аларды чечип, заманбап ат майдан куруу.

«Ак-Кула» ат майданы 1947-жылы курулган. 2019-жылы бир катар текшерүүлөрдөн кийин бул жай талапка жооп бербейт, жер титирөөгө туруктуу эмес, авариялык абалда деп бааланган. Сейсмология институтунун жана тиешелүү мекемелердин корутундусунун негизинде Өкмөт 2020-жылы ат майданды түрттүрүп, кайрадан куруу токтомун кабыл алган.

Жыйынга катышкан Бишкек шаарынын вице-мэри Руслан Акылбеков мэриянын пландары жана көз карашы тууралуу маалымат берип, ат майдан эч жакка которулбай турганын, болгону жаңы ат майдан куруларын кабарлады.

— «Ак-Кула» ат майданы башка жакка көчүрүлөт» деген маалымат чыгып кеткен. Ошондон улам мэриянын өкүлдөрү бул иш-чарага келип отурабыз. Бул жерге келердин астында бардык кызматтардан маалымат алдык. Азыр ат майданды көчүрүү тууралуу эч кандай маселе коюлган жок. 2020-жылы 2-сентябрда чыккан Өкмөттүн токтому бар экен. Ошол токтомго ылайык, Сеймология институту берген көрсөтмөнүн негизинде эски имаратты бузуу иштерин жүргүзүү, аны менен бирге бул жерге кандай ипподром салына турганын, ат майдан кандай көрктө боло турганын камтыган долбоорду даярдоо бизге тапшырылган экен. Ал иш-аракеттер болуп жатат. Былтыр 19 миллион сомго эки ирет тендер өткөрүлүп, бирок бир да арыз түшкөн эмес. Азыр биз бул жаатта иш алып барып жатабыз. Буюрса жаңы курулуштар болот. Бирок ипподром сакталып калат. 

«Ак-Кула» ат майданы бир нече жылга созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин 2020-жылдын сентябрь айында Бишкек шаар башкармалыгынын карамагына өткөн. Жыйынга Нарындан келген Жумаке Рыскелдиев ат оюндары саяпкерлердин каржылоосу менен өтүп келгенин айтып, буга мамлекет тарабынан да көңүл бурулса деген оюн билдирди.

— Кыргызды кыргыз кылып сактап келе жаткан ат майданды өз ордунда калтырсын. Бузгандын ордуна бул жакка каражат жумшап, өстүрүп-өндүрүп, айлампасын, көрүүчүлөр олтура турган жерин жаңыртып, дүйнөлүк деңгээлдеги ат майдандарына окшотуп берсин. Чынында, ат оюндары жеке адамдардын каржылоосу менен эле өтүп келе жатат. Буга мамлекет да өз салымын кошуп, ат оюндарын уюштуруп берүүсүн бийликтен суранабыз. Бул жакта эч кандай саясат жок, бир гана ат оюндарына ышкыбоздордун көйгөйүн чечип берсе, эл ыраазы болот эле. 

«Ак-Кула» ат майданы Бишкек шаарында жайгашкан. Жалпы аянты 57,4 гектарды түзөт. Ат оюндарын көрүүчүлөр үчүн 3 миң орун бар. Бишкек мэриясынын берген маалыматына таянып айтсак, ат майдандын 54,94 гектар жери шаардын карамагына кайтарылган, калган жер тилкелери боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM