Биз менен байланышыңыз

«Жаңы Конституция Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын көздөбөйт»

Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 560 | 0

Кыргызстандын юристтер биримдиги маалымат жыйын куруп, жаңы сунушталган Конституцияны талкуулады. Алар Конституциялык кеңешме башынан эле легитимсиз түзүлүп, анын форматы да эл аралык практикага дал келбегенин айтышты.

Себеби сунушталган долбоордо жарандардын эркиндиктери жана укуктары кеңейтилбей эле, тескерисинче, чектелген.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикиринде, жаңы Башмыйзамда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына эч кандай бийлик берилген эмес. Курултайга шайлана турган мүчөлөр кантип тандалары да белгисиз.

Ошурахунова бул Конституция президент Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын көздөбөй турганын айтууда.

— Курултайга шайлана тургандар кантип тандалары да белгисиз болуп жатпайбы. Эгер Курултай президент менен элдин ортосундагы байланыш болсо, анда келгиле, курултай өткөрбөй, санариптештирүү ишин күчөтөлү. Эл түздөн-түз президентке же мамлекеттик органдарга кайрыла алгыдай шарт түзөлү. Ал үчүн Курултай институтун киргизбей эле санариптештирүү ишин күчөтүү керек. Бул Башмыйзам элдин да, парламенттин да, саясатчылардын да кызыкчылыгын көздөбөй турганын көрдүк. Ал керек болсо Садыр Жапаровдун да кызыкчылыгын көздөбөйт. Ал Конституциялык кеңешмеге чогулуп алган бир ууч адамдардын кызыкчылыгын коргойт.

Кыргызстандын юристтер бирикмеси Конституцияга анализ кылып чыгышты. Анда айтылгандай, 2020-жылдын 17-ноябрында сунушталган долбоордо ички карама-каршылыктары бар 61 өзгөртүү көрсөтүлгөн. Бирок быйыл 9-февралдагы версиясында 80 өзгөртүү киргизилген.

Олуттуу кемчиликтер жана карама-каршылыктар аныкталып, айрым суроолорго жооптор көрсөтүлгөн эмес. Орусча варианты менен жана кыргыз тилиндеги вариантында дал келбестиктер бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM