Биз менен байланышыңыз

Перу: Министр кезексиз эмделгени үчүн кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Фев 2021 | 521 | 0

Перунун Тышкы иштер министри Элизабет Астет Родригес коронавируска каршы кезексиз эмдөө алганы үчүн кызматтан кетти.

«Бүгүн мен Тышкы иштер министри Элизабет Астеттин отставкасын кабыл алдым», — деп жазган Перунун президенти Франсиско Сагасти Твиттердеги баракчасына.

Президент министрдин кызматын тапшыруусу анын изилдөө тобу үчүн арналган вакцинаны кезексиз алгандыгына байланыштуу экендигин белгиледи.

Буга чейин Испания Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал Мигель Анхель Вилларроя да коронавируска каршы эмделгенине байланыштуу нааразычылыктардан кийин кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM