Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кыска кабар | 9 Фев 2021 | 382 | 0

Өлкө боюнча акыркы сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкекте 3, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.

Кырсыктан улам техникалык зыяндар келген. Адам өмүрүнө залакасы тийген эмес.

Учурда өрт кырсыктарынын себеби иликтенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM