Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Кыргызстанда 33 бейтап өтө оор абалда

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 1141 | 0

Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус менен 79 адам катталды. Вирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 85 071ди түздү.

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза болду. Коронавирустун өлүм учурлары өлкөдө 1426га жетти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 93 бейтап сакайды. Бул оорудан сакайгандар жалпы 81 635 адам.

Бир сутка ичинде 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган, айыккандар катталган жок.

COVID-19 вирусу 4182 медикке жуккан, анын 4102си сакайды.

Стационарда 462 бейтап дарыланууда, анын ичинен:

314 (67,9%) — орто оордукта;

115 (24,8%) — оор абалда;

33 (7,1%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда – 609 бейтап бар.

Copyright © 2017 Maral FM