Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаев бийликке кайрылуу жасады

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 1117 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси, президенттик шайлоодо талапкер болгон Абдил Сегизбаев бийликке кайрылуу жасады. Анын кайрылуусу инстаграмдагы баракчасына жарыяланды.

Сегизбаев акыркы күндөрү шайлоо штабында иштегендердин үйүндө тинтүү жүргүзүү, электрондук маалымат каражаттарын конфискациялоо, суракка алуу сыяктуу кысымдар болуп жатканын айтып, буга тынчсыздануусун билдирген.

Мен бийликке кайрылам: эгер мени кылмышка айыптасаңар, анда шайлоо штабынын катардагы кызматкерлеринин буга кандай тиешеси бар? Алар өз иштерин мыйзамдын чегинде аткарышты. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бир жолу да мыйзам бузулган жок. Суроолор болсо, штабдын кызматкерлерине эмес, мага кайрылгыла. Катардагы кызматкерлерди күнөөлөө негизсиз”,-дейт Сегизбаев.

Анын пикиринде, бул аракеттер бийликти сындагандыгы үчүн саясий куугунтуктун уландысы.

Абдил Сегизбаевдин шайлоо штабында иштеген Мээрим Асанова, Кутман Мукашев, Нурзада Токтогулова, Юлия Барабина суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Сегизбаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен  25-мартка чейин камакка алынган. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM