Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарында ок атышуудан бир адам каза болду

Кыска кабар | 7 Фев 2021 | 713 | 0

Нарын шаарында ок атышуудан бир киши каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

6-февралда саат 20:40 чамасында милиция бөлүмүнө Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүнөн бир адамды атып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Билдирүү Нарын ШИИБи тарабынан каттоого алынды. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда. Ал эми анын өлүмүнө шектелген жарандарды аныктоо, окуянын чоо-жайын териштирүү боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет», — дешти мекемеден.

Маалыматтарга караганда, каза болгон адам 32 жашта болгон. Анын крим чөйрөгө катыштыгы болгондугу айтылууда.



Copyright © 2017 Maral FM