Биз менен байланышыңыз

Былтыр мамлекеттик кызматкерлерге карата 600дөн ашык кылмыш иши козголгон

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 548 | 0

Былтыр прокуратура органдары мамлекеттик мекемелерге карата 3 миңден ашык текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында, 6 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу маалымат жыйында Башкы прокурор Курманкул Зулушев кабарлады.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 1360 мамлекеттик кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 661 кылмыш иши козголуп, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Мамлекетке келтирилген 582 млн 132 миң сом зыян өндүрүлгөн.

Ал эми коррупцияга каршы багытында 1647 текшерүү жүргүзүлүп, 4 миң 103 мыйзам бузуу табылган. Натыйжада 1721 мамлекеттик кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылган жана 110 млн 754 миң сом зыяндын орду толтурулган.

Copyright © 2017 Maral FM