Биз менен байланышыңыз

7-8-10-февраль күндөрү өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 1350 | 0

7-8-10-февраль күндөрү өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. 7-9-февралда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөшү ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

4-5-февралда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM