Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасынан уй жүктөп бараткандар кармалды

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 676 | 0

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан уй жүктөп бараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Аткезчилер «Чалдыбар унаа жол» өткөрмө пунктунан 442 баш, «Ак-Тилек унаа жол» өткөрмө пунктунан 318 баш уй алып өтүүгө аракет кылышкан. Алардын жанында товар ташып келүүгө уруксат берген салык органынын маалымкаты болгон эмес.

Бул фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM