Биз менен байланышыңыз

Сыймык Жапыкеев: Акчага таянган маал өттү

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 605 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев депутат Кубанычбек Жумалиевдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Финансы полициясы экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү улантарын жазды.

Акыркы күндөрү өзү жөнүндө ар кандай ушак тараткандар көбөйгөнүн, бирок ал кызматка жабышып албаганын айтууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан коррупцияга шектелип кармалды. Ал тергөө аяктаганга чейин камакта болот.

Сыймык Жапыкеев буга чейин Жумалиевдин байлагы мыйзамсыз экенин бир нече жолу айтып чыккан.

УКМК: Депутат Жумалиев коррупцияга шектелип жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM