Концерттин афишаларында жана билеттеринде эми милдеттүү түрдө ырды аткаруу ыкмасы, тактап айтканда, «жандуу үн менен» же «фонограмма менен» деген маалымат болуусу керек. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койду.
Бул буйрук «Фонограммага тыюу салуу жөнүндө» мыйзамды аткарууга жана көрүүчүлөрдүн, угуучулардын укуктарын коргоого багытталган.
Мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, мындан ары чыгарманы аткаруу ыкмасын билеттерде, афишаларда, жарнактарда жана башка нерселерде көрсөтпөстөн, маданий, оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө жол берилбейт.
Буга чейин Маданият министрлигинде фонограмманы колдонуу, анын таасири жана жандуу үн темасы боюнча талкуу өтүп, «Фонограммага тыюу салуу жөнүндө» министрликтин мыйзамы маданият өкүлдөрүнүн колдоосун тапкан.
Abditalip
03.02.2021 14:46
Эчен эле жандуу аткарууга отуш керек болчу.Ошондой эле эстрадалык топтордун коштоосунда аткарылыш керек.Фонограмма телевидения на же болбосо клипке кана колдонуш керек.Фонграмма менен журуп кыргызстанда эстрадалык топтордун жоголуп кетуусуно алып келди.Эн туура чести.Мен колдойм.