Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы ун арзан сатылган жайлардын дарегин айтты

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 2058 | 0

Бишкек шаардык мэриясы арзан баадагы унду кайдан сатып алса болорун айтты.

Мэриянын маалыматына караганда, бааларды турукташтыруу, борбордун базарларын жана дүкөндөрүн толтуруу үчүн Өкмөткө караштуу Материалдык резерв фонду кампалардан ун сатат.

Бишкек шаарынын тургундары биринчи сорттогу ундун килограммын 24 сомдон, экинчи сорттогу унду 16 сомдон Кара-Дарыя көчөсүндөгү 3-үйдүн базасынан жана Кулиев көчөсү, 1 дарегиндеги шаардык ун комбинатынан сатып алса болот.

Толук маалымат алуу үчүн байланыш номуру: 0(556) 700 800 (Кара-Дарыя көчөсүндөгү 3-үй); 0 (312) 658658 (Кулиев көчөсү, 1 дарегиндеги ун комбинаты).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM