Биз менен байланышыңыз

«Граф» каймана аты менен белгилүү токмоктук миллиардер каза болду

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 2091 | 0

«Граф» каймана аты менен таанымал бизнесмен Алижан Ибрагимов 67 жашында Бельгияда каза болду.

Алдын ала маалыматка караганда, Ибрагимов узак убакыт бою комада жаткан жана коронавирустан улам каза тапканы айтылууда. Ал Токмок шаарында жерге берилет.

Ибрагимов Өзбекстанда төрөлгөн, бирок Чүй облусунун Токмок шаарында жашап келген.

«Forbes.kz» жазгандай, Алижан Ибрагимов Казакстандагы бай бизнесмендердин алдыңкы бештигине кирген. Анын каражаты 900 миллион доллар деп бааланууда.

Ибрагимов Александр Машкевич жана Патох Шодиев менен өнөктөш болуп, «Eurasian Resources Group» (ERG) компаниясынын 20,7 % акциясына ээлик кылып келген.

Copyright © 2017 Maral FM