Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Жээнбеков үй-бүлөсү менен кичи ажылыкка кетти

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 798 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган. «24.kg» агенттиги жеке булактарына таянып, Сооронбай Жээнбеков «Манас» аэропорту аркылуу Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткенин жазды.

Андан ары ал Сауд Аравияга королдун чакыруусу менен кичи ажылыкка барары айтылган.

Экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева бул тууралуу комментарий берип, Жээнбеков Бишкекке 10 күндөн кийин кайра келерин билдирди.

«Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиянын королунун чакыруусу менен бара жатат. Бул сапар 2020-жылдын ноябрь айынан бери пландалып келген. Жээнбековдун кичи ажылык сапары 10 күнгө созулат, андан кийин ал Бишкек шаарына кайтып келет», — деди Стамалиева.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын 2020-жылдын 15-октябрында тапшырып берген.

Ал октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин чыккан башаламандыктардан улам кызматын тапшырган. Бирок Жээнбековдун экс-президент макамы сакталып калган.

Copyright © 2017 Maral FM