Биз менен байланышыңыз

Парламенттеги көпчүлүк коалиция Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 989 | 0

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызмат ордуна Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Эми анын талапкерлигин комитет карап, жалпы сессига сунуштайт.

Мариповдун бул орунга «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

Марипов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бардык тармакта кыскартуулар болорун айтты. Ал парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын билдирди.

«Алдыбызда коронавирус илдети менен күрөшүү, энергетикалык жана экономикалык кырдаалды жөнгө салуу, жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, референдум, парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселелери турат. Жогорку Кеңеш менен биргеликте аталган багыттарда жигердүү иш алып барабыз. Башкаруу системасында реформалар жүргүзүлөт. Энергетика тармагында бирөө өндүрүп, бирөө ташып, бирөө элге тараткан түзүмдөрдө оптимизация жүргүзүлөт», — деди Улукбек Марипов.

Улукбек Марипов мамлекеттик кызматта иштегенине 20 жыл болгонун, бул аралыкта бир да партиянын мүчөсү болбогонун айтты.

Эгер өкмөттүн башына келсе, өлкөнүн чарбалык-экономикалык иштери менен алек болорун кошумчалады.

«Мен мамлекетке карызмын. Менин тарыйба топтоом үчүн мамлекет 20 жыл инвестиция кылды. Кадр биринчи кезекте таза болушу керек, анан тажрыйба да сөзсүз керек. Алдыда мамлекеттик кызматтагы тажрыйбамды колдонуп иштеп берем«,-деди Марипов.

41 жаштагы Улукбек Марипов 2006-жылдан 2016-жылга чейин президенттик аппаратта ар кандай кызматтарда иштеп келген. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары да болуп иштеген. Ал Эсеп палатасынын төрагалыгына 2016-жылдын март айында дайындалган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Улукбек Марипов мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Шадиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM