Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн жаңы курамында бир гана вице-премьер-министр болот

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 769 | 0

Өкмөттүн жаңы курамында бир гана вице-премьер-министр болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева айтууда.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду көрсөтөрү буга чейин маалым болгон. Ал эми биринчи вице-премьер-министр кызматына Артем Новиков сунушталат.

Өкмөттүн жаңы курамында башка өзгөрүү болбой турганы айтылып жатат.

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулду.

Көпчүлүк коалиция сунуштаган талапкерлер парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM