Биз менен байланышыңыз

Парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповду көрсөттү

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 732 | 0

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамын дайындоо үчүн жыйынга чогулду. Анда премьер-министрлик кызматка талапкер көрсөтүү, ошондой эле өкмөттүн жаңы курамын бекитүү маселеси талкууланууда.

Көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду көрсөттү. Аны «Республика-Ата Журт» фракциясы сунуштады.

41 жаштагы Улукбек Марипов 2006-жылдан 2016-жылга чейин президенттик аппаратта ар кандай кызматтарда иштеп келген. Президенттик аппараттын жетекчи орун басары да болуп иштеген. Ал Эсеп палатасынын төрагалыгына 2016-жылдын март айында дайындалган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, Улукбек Марипов мурунку вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өкүл баласы экени айтылып жүрөт. Шадиев «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM