Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары эс алуу күндө болду

Кыска кабар | 31 Янв 2021 | 2261 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-январда Аламүдүн районундагы Мыкан айылында «Ынтымак-билим» билим берүү, маданий жана ден соолукту чыңдоо комплексинин курулушунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин аппараттынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.   

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы каржылаган комплекске 500 орундуу  мектеп, спорт зал, ФАП, административдик имарат, мечит, футбол талаасы жана оюн аянтчалары кирет. Окуу комплексти ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүү пландалууда.

Курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышкан соң, жалпы эл менен жолуккан Садыр Жапаров азыр ар бир күн Кыргызстан үчүн кылымга тете экенин, андыктан эс алууга укугу жок экенин белгилеп, бардык күчүн өлкөнү өнүктүрүүгө жумшай турганын айтты.

Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясына Кыргызстан үчүн оор кырдаалда  социалдык объектилердин курулушуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Коюлуп жаткан биринчи кыш өлкө боюнча курулуштардын башталышынын белгиси болсун. Инвесторлор жана өнөктөштөр үчүн биздин эшигибиз ар дайым ачык», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы инаугурациядан кийин бир катар инвесторлор менен жолугушуу өткөргөн. Анда алар өлкө боюнча авариялык абалдагы мектептерди капиталдык оңдоп-түзөөдө жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Президент Садыр Жапаров сырттан келген жардамдарды жана ички булактарды колдонуп, жакынкы эки жыл аралыгында бала бакчаларга, мектептерге жана ФАПтарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кыларын маалымдады. 

Copyright © 2017 Maral FM