Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Өкмөт үйүндө отуруп иштей турган болду

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 459 | 0

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү Өкмөт үйүндө жайгашат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов кабарлады.

Бүгүн инаугурациядан кийин президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Жапаровду иш бөлмөсү менен тааныштырат. Ал түз эфирде көрсөтүлөт.

Инаугурациянын жүрүшү Коомдук телерадио корпорация, республикалык телеканалдар жана Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы атайын монитор аркылуу түз көрсөтүлүүдө.

Сооронбай Жээнбеков Жапаровдун ант берүү аземине келди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM