Биз менен байланышыңыз

Түркияда ИГИЛ мүчөлөрү кармалды, анын үчөө Кыргызстандын жарандары

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 934 | 0

Түркияда тыюу салынган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун 12 мүчөсү кармалды, анын үчөө Кыргызстандын жарандары болгон.

Түркиянын улуттук коргоо министрлиги билдиргендей, 2020-жылдын 31-декабрында Түркия аркылуу Сирияга мыйзамсыз жол менен өтүүгө аракет кылган 12 адам кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

Кармалган жарандар ИМ мүчөсү экендиги аныкталган. Маалыматка караганда, алардын беши Орусиянын, бирөө Өзбекстандын, үчөө Кыргызстандын жарандары болгон.

Мындан сырткары, дагы бир согушкерге издөө жарыяланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM